Милиция Даниэл Ажиевдин баңгизатка шектелип кармалганын ырастады


Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери бүгүн саат 12:20 чамасында жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Токмок шаарынын жанындагы айланма жолдон Даниэл Ажиевди кармашты. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатысыз мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга  киргизилип, тергөө амалдары улантылууда.