7-мартка карата аба ырайы


Бүгүн күндүз айрым жерлерге жаан, тоолуу райондорго кар жаайт. Батыштан соккон шамладын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +9…+14, Талас аймагында +8…+13, Ош, Жалал-Абад облустарында +10…+15, Баткен өрөөнүндө +3…+8, Ысык-Көлдө +3…+8, Нарын жергесинде +1…+6 градус жылуу болот.
Борбор калаа Бишкекте ала булут каптап, күндүн табы +11…+13, Ош шаарында +12…+14 градуска чейин көтөрүлөт.