Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттардын жана сайт баракчаларынын ишин токтотуу жана чектөө тартибин бекиткен токтомго кол койду.
Бул документ «порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга жеткиликтүүлүктү токтотуу жөнүндө» мыйзамды ишке ашыруу үчүн кабыл алынган. Тартип мындай ресурстарды аныктоо жана алардын ишин токтотуу механизмин белгилейт.

