КР УКМК чет элдик өнөктөштөр менен биргеликте жүргүзгөн антитеррордук иш-чаралардын алкагында борбор калаадагы мектептердин биринин окуучусунун кылмыштуу аракетин аныктап, ага бөгөт койду. Өспүрүм мектептин мугалимдерине жана окуучуларына куралдуу кол салуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп жүргөнү белгилүү болду.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 252-беренесинин 1-бөлүмү («Террористтик акт жасоо менен коркутуу») боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өспүрүмдөр арасындагы диний радикалдашуу фактыларына байланыштуу ата-энелерди жана мугалимдерди балдар менен такай түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, ошондой эле алардын интернет мейкиндигиндеги кызыкчылыктарын жана эмне менен алектенип жатканын системалуу түрдө көзөмөлдөөгө чакырат.

