10-мартка карата аба ырайы


Бүгүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаап, туман каптайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында 0…+5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +4…+9, Ысык-Көл жергесинде +8…+13, Нарында +3…+8 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +2…+4 градус жылуу болуп, мезгил-мезгили менен жааган жаан карга айланат. Ош шаарында кыска убакытка жаан жаап, +6…+8 градуска чейин жылуу болот.