Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы кабарлады.
Аскат Алагөзовдун айтымында, Шамырканов былтыр жайында министрликтин кызматкерин ишинен жогорулатуу үчүн пара талап кылган. Кызматкер былтыр сумманын жарымын анын электрондук капчыгына которуп (1-сүрөттө 50 миң сом которулганын көрүүгө болот), быйыл Шамырканов министр болуп келгенде калган акчаны бере албай турганын айткан. Жетекчи аны уккан соң кызматкерди Баткендеги бөлүмгө которуп жиберген.

«Ушуга байланыштуу, президент Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамыркановду ээлеген кызматынан бошотуу чечимин кабыл алды. Бул окуя “кыңыр иш кырк жылда билинет” деген сөздүн айкын мисалынын бири», — деди Алагөзов.

