Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева бүгүн улуу инсан, мамлекеттик жана саясый ишмер, Кыргыз Эл баатыры Исхак Раззаковдун кызы Эльмира Раззаковадан кабар алып, Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин өз фондунан бөлгөн 200 миң сом акчалай каражатын тапшырып, атайын белектерин берип келгенин Facebook социалдык тармактагы баракчасына жазды. Текстти өзгөртүүсүз беребиз:

«Бүгүн мен Эл өкүлү катары, көрүнүктүү саясий ишмер Исхак Раззаковдун кызы Эльмира Исхаковнанын куттуу үйүнө барып кайттым. Анткени өз доорунун көйкашка таза инсаны, Исхак атабызга болгон терең урматтын бири эми кызы Эльмира эжебизге жасаган сыйыбыздан деп билем.
Бул жолугушууну 8 -март майрамына карата пландаган элем. Бирок Эльмира Исхаковна бир аз сыркоолоп калган себеп, бүгүнкү күнгө насип этти.
Жаз майрамына белек-бечкектерим менен бирге бардым. Кыргыз салты менен алып барган жоолугума өзгөчө маани берип: «сен бул жоолукту жакшы көрөрүмдү кайдан билесиң?» деп жылмайып, өзү да мага жоолугун арнады. Исхак Раззакович жөнүндө узак кеп кылды. Лейлекти эстеди.
Айрыкча, ЖКнын Төрагасы Марлен Маматалиевдин өз фондунан бөлгөн 200 миң сом акчалай каражатын тапшыруум Эльмира эжебиз үчүн күтүүсүз болду окшойт. Бул урмат-сыйга эжебиздин ыраазычылыгын сөз менен жеткире албастырмын.
Эльмира Исхаковнага кандай учурда жолукпайын, ар дайым өзүнүн нарктуу, үлгүлүү сөздөрү менен биргеликте эл-журтка тилеген ак ниеттери чыныгы мекенчил инсандын татыктуу кызы экенин көрсөтүп келет. Мамлекетибиздин саясатына, тынчтыгына тилектеш.
Ал эми Исхак Раззаков атабыз өз басып өткөн таза жолу менен бүгүнкү коомго, айрыкча мамлекеттик саясий жетекчи инсандарга үлгү, азыр да анын жасап кеткен эмгектери, көрөгөч саясий лидерлиги, мөөрлүү учкул сөздөрү идеологиялык жактан зор таасирге ээ деп билем.
Мындай тарыхый инсандарыбыздын өрнөктүү өмүрү бизге үлгү болсун! Ал эми алардын табериктей артта калган туяк-издерин сыйлап өтүү баарыбызга милдет.
Ошентип бүгүн улуу инсандын кызы Эльмира Исхаковнанын Ак батасын алып кайттык…» — жазган депутат Талиева.

