11-мартка карата аба ырайы


Бүгүн республика боюнча жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Мындай маалыматты Кыргыз гидрометеорология таратты.
Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында -2…-7, Ош, Жалал-Абад облустарында 0…+5, Баткенде -1…+4, Ысык-Көлдө -3…+2 градус болот. Ал эми Нарын өрөөнүндө 0…-5 градуска түшүп, аяз күчүндө турат.
Бишкекте түнкүсүн кар жаап, күндүз ала булут каптап, абанын температурасы -5…-7, Ош шаарында мезгил-мезгили менен кар жаап +1…+3 градус болушу күтүлөт.