Чүйдө эки кишинин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча маалыматтар ачыкталды


7-мартта Москва районундагы Ак-Торпок айылындагы талаадан эки кишинин сөөгү табылган. Алар 27 жана 23 жаштагы жарандар экени аныкталды. 23 жаштагы жигит 1-марттан бери дайынсыз болуп, издөөгө алынган.

Кылмыш иши козголуп киши өлтүрүүгө шектелип 8-мартта 19, 21 жана 25 жаштагы үч киши Кадамжайдан кармалган. Ал эми кылмыштын уюштуруучусу делген 20 жаштагы жаран 9-мартта Оштон кармалды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, маркумдардын бири менен кылмыштын уюштуруучусунун ортосунда аласа-бересе болгон. Шектүү маркумду бир батирге чакырган. Таанышы менен барган маркумду төрт киши күтүп алган. Алар жабырлануучуларды сабап, батирде кармап акчасы менен iPhone 13 жана iPhone 15 телефондорун алып алышкан. Андан соң колдорун байлап, көздөрүн таңып, түнү менен Hyundai Sonata унаасына салып Ак-Торпок айылына жакын талаага алып барып бут кийимдин боосу менен муунтуп өлтүрүшкөн.

Ал эми телефондор Бишкектеги ЦУМ жана «Берекет Гранд» соода борборлорунан сатылып кеткен.