Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Конгантиев УКМК кызматкерлери тарабынан кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал мыйзамсыз баюуга жана коррупциялык кылмыштарга шектелүүдө. Учурда ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Буга чейин соцтармактарда муниципалдык жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз чыгаруу боюнча мүмкүн болгон коррупциялык схемалар тууралуу видео тараган. Андан кийин Конгантиев депутаттык ыйгарым укуктарын тапшырарын билдирген, ал эми иштин жагдайларын учурда тергөө органдары текшерүүдө.

