15-мартка карата аба ырайы


Жекшембиде күн ачык болот, айрым жерлерге туман түшөт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, секундасына 1-6 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет кабарлады.
Абанын температурасы Чүйдө +6…+11, Талас аймагында +5…+10, Ош, Жалал-Абад облустарында +9…+14, Ысык-Көл жергесинде +3…+8, Нарын өрөөнүндө +2…+7 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +8…+10, Ош шаарында +10…+12 градуска чейин көтөрүлөт.