Маданият бөлүмдөрүнө 117 унаа тапшырылат


Турдакун Усубалиев атындагы аянтта 17-мартта  маданият мекемелерине, райондук жана шаардык маданият бөлүмдөрүнө 117 (жүз он жети) нөөмөттүк автоунааны салтанаттуу түрдө өткөрүп берүү иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Иш-чара Министрлер Кабинетинин төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчи Касымалиев Адылбек Алешовичтин катышуусунда болот.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 88-т тескемесине ылайык, “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу Министрликтин карамагындагы маданият мекемелерин, ошондой эле райондук жана шаардык маданият бөлүмдөрүн камсыздоо максатында 117 (жүз он жети) нөөмөттүк автоунаа каражаттарын алуу каралган.

Кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү номерге кайрылсаңыздар болот: 0557-56-56-91.