Ал ачык маалыматтарга таянып, “Кыргызнефтегаз” (“Кыргыз Петролеум Компани”) 2021-жылдан 2025-жылдар аралыгында жалпы 357.9 миң тонна дизелдик май өндүргөнүн айтты.


“Менин “Мока Групп” компаниям 2021-2025-жылдар аралыгында бул ишканадан жалпы 5 463 тоннага жакын гана дизелдик май сатып алган. Бул көлөм “Кыргыз Петролеум Компани” өндүргөн дизтопливонун 1,53%ын гана түзөт. Бул сатып алууларда тийиштүү салыктар мамлекетке төлөнгөн”, — деген Тай-Мурас Ташиев.
Ал “Ташиевдер “Кыргыз Петролеум Компаниге” монополия кылып алган, дизелдик “Мока Групп” сатып алган, башкалар сатып ала албай калган” делген маалыматтарды төгүндөөрүн айтты.
“Мага жеткен маалыматтарга ылайык, учурда “Кыргыз Петролеум Компани” дизтопливо өндүрүшүн жакынкы күндөрү токтотуу алдында турат. Анткени алардын кампалары толуп, аны сатып алуу кескин азайганы айтылып жатат. Анын тийиштүү адистери жеке фирмаларга байланышып, дизелдик май сатып алуусун сунуштап, кардар издеп жаткандыктары дагы белгилүү болду”, — деди ал.

