Бишкекте жылуулук берүү жакынкы күндөрү токтотулушу мүмкүн. Мэриянын эрежеси боюнча, эгерде абанын суткалык орточо температурасы беш күн катары менен +8°C градустан жогору болсо, жылуулук өчүрүлө баштайт.
Учурда борбор калаада аба ырайы жылып жатат. Күндүз +11…+13°C болсо, жакынкы күндөрү синоптиктер +15…+18°C чейин жылышын убада кылышууда. Түнкүсүн да сууктун күчү кайтып, +3…+6°C градусту көрсөтүүдө. Жылуулукту өчүрүү боюнча акыркы чечим аба ырайынын фактысына жараша кабыл алынат.

