19-мартка карата аба ырайы


Бейшембиде күн ачык болот. Өлкөнүн Ош, Баткен облустарынан башка аймактарда жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, секундасына 1-6 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет берди.
Абанын температурасы Чүйдө +11…+16, Талас аймагында +10…+15, Ош, Жалал-Абад облустарында +12…+17, Ысык-Көл жергесинде +7…+12, Нарын өрөөнүндө +2…+7 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +14…+16, Ош шаарында +14…+16 градуска чейин көтөрүлөт.