Бугүн күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +12…+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +13…+18, Таласта +10…+15, Ысык-Көлдө +8…+13, Нарын өрөөнүндө +5…+7 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +14…+16, Ош шаарында +15…+17 градусту көрсөтөт.

