21-мартка карата аба ырайы


Бүгүн күндүз республиканын айрым жерлеринде жаан, тоолорго кар жаайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, секундасына 1-6 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +14…+19, Талас аймагында +12…+17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +15…+20, Ысык-Көл өрөөнүндө +9…+14, Нарын жергесинде +5…+10 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +17…+19 градуска чейин көтөрүлөт.