Облустук милиция кылмыш 19-мартта болгонун, 33 жаштагы кишинин сөөгү Кара-Балтадагы дачалардын биринен 22-мартта табылганын кабарлашты.
Тергөөнүн версиясы боюнча, 38 жаштагы шектүү үч киши менен баңгизат колдонгон. Ортолорунда мушташ чыгып, экөө качып кеткен. Жабырлануучу кармалып калып, аны шектүү сабап, такси менен дачасына алып барып дагы сабап өлтүргөн.
Шектүү кылмышты жашыруу максатында жерди 15-20 см казып, сөөктү көмүп, кийимдерин ар кайсы жерге чачып кеткен. Маалыматка караганда, шектүү 2014-жылдан бери психиатрдын каттоосунда турат.

