24-мартка карата аба ырайы


Шейшембиде туруксуз аба ырайына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда 13…18, Талас чөлкөмүндө 12…17, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 18…23, Ысык-Көлдө 8…13, Нарын өрөөнүндө 5…10 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 15…17, Ош шаарында 19…21 градусту түзөт.