Соцтармакта 8-9-кичирайондорунда белгисиз жигиттин окуясы талкууланууда. Аймактын жашоочусу кечинде үйүнө бара жатканда белгисиз жигит артынан келип акча сураганын жазган. Кыздын айтымында, жигит түнөгөнгө жери жок экенин айтып, үйүнө жатып алууну суранган.
“Коркуп кетип, жооп бербей качып жөнөдүм. Артымдан ээрчип алганда жолдогу дүкөнгө кире качтым. Ал жактагыларды көрүп, тиги бала башка жакка басып кетти”, — деп жазган автор.
Посттун алдында көптөгөн кыздар ушуга окшош учурларга туш болгонун жазышууда. Айтымдарына караганда, жигит ар кандай шылтоолорду айтып акча сурап, баш тарткандарды ээрчип алат.
Жигит тыкан кийинген, смартфон көтөрүп, өзүн ишенимдүү алып жүрөрү белгиленген.
Укук коргоо органдары факты катталып, жарандын ким экени такталып жатканын билдиришти.

