Садыр Жапаров оор илдет менен алышып жаткан актер Абдыкалык Акматовго «Эл артисти» наамын ыйгарды


Президент  Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, маданиятты өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы жана көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн актер Абдыкалык Акматовго «Кыргыз Республикасынын эл артисти» ардактуу наамы берилди.

Жарым кылымдан ашык өмүрүн театр жана кино искусствосуна арнаган актер акыркы убакта оор дарт менен күрөшүп, төшөктө жаткандыгына байланыштуу, анын жубайы ЖМКлар аркылуу жолдошунун эң акыркы каалоосу — ушул бийик наамга жетүү экенин билдирген эле. Өлкө башчысы бул өтүнүчтү көңүл сыртында калтырбай, таланттуу инсандын эмгегин тирүүсүндө баалады.