Бул тууралуу Кыргыз улуттук драма театрынан билдиришти. Жарым кылымдан ашуун театр сахнасы менен экрандан түшпөй келе жаткан актер Абдыкалык Акматов көптөн бери оор илдет менен алышып келген.
Өткөн аптада Садыр Жапаров маданиятты өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн Акматовго Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын ыйгарган.
Маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

