Шаардык сот гезит дизайнери Эрнис Жээнтаевди абактан бошотту


Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен алты жылга абакка кесилген гезит дизайнери Эрнис Жээнтаев абактан чыкты.

Жактоочу Нурбек Сыдыковдун айтымында, Бишкек шаардык соту Жээнтаевди 332-берене боюнча толук актап, ал эми 278-берененин 3-бөлүгү менен 4 жылдык пробация чегерди. Ал сот залынан бошотулган.

41 жаштагы Эрнис Жээнтаев 2025-жылы 10-ноябрда ИИМ тарабынан кармалган.

Ага карата соцтармактагы жеке баракчасына жазган посттору боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык башаламандыктар) 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) жана ошондой эле 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды сактоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Быйыл 13-февралда Биринчи Май райондук соту аны алты жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.