ИИМ жарандарды Данияга жана Германияга ишке орноштурууда бузууларды аныктады


Ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун кызматкерлери жарандардан келип түшүп жаткан кайрылуулардын негизинде Кыргыз Республикасынын жарандарын Дания Падышалыгына жана Германия Федеративдик Республикасына мыйзамсыз ишке орноштуруу ишмердүүлүгүн токтотууга багытталган биргелешкен текшерүү иш-чарасын өткөрүштү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө “Asia Consult Visa” компаниясы визалык колдоо көрсөтүү деген шылтоо менен тиешелүү уруксаты жок жарандарды чет өлкөдө ишке орноштурууну жүзөгө ашырып келгени аныкталды.

Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 95-беренесине («Жарандарды ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүк») ылайык административдик протокол түзүлдү.

Аталган компаниянын ишмердүүлүгүнөн жабыркаган жарандарды Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына кайрылуу керек.

Ички иштер министрлиги жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча ишмердүүлүк тиешелүү уруксат болгон учурда гана жүргүзүлөрүн эскертет.

Жарандарды чет өлкөдө ишке орношуу боюнча чечим кабыл алууда этият болууга жана кызмат көрсөтүүчү компаниялардын жана жеке жактардын уруксат берүүчү документтеринин бар экендигин алдын ала текшерүүгө чакырат.

 

Агенттиктердин ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун расмий сайттан текшерүүгө болот: https://migrant.kg