Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, бул аракеттер адистердин жетишсиздигин жоюуга жана шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган. Учурда Хан-Теңири кичи районунда 9 кабаттуу 9 үй курулуп жатат.
«Бул 9 кабаттуу үйлөр биздин облустун тарыхында биринчи жолу курулууда. Себеби, буга чейин 5 кабаттуу гана имараттар курулуп келген. Мына эми Таласта биринчи болуп 9 кабаттуу үйлөр түшкөнү турат. Бул облуска жаш кадрлардын келишине, шаарыбыздын өсүп-өнүгүшүнө бир топ ыңгайлуу шарттарды жаратат. Өзгөчө медицина жана билим берүү тармактарына адистердин тартылышына жакшы өбөлгө болот деп эсептейм», — деди Эрмат Жумаев.
Мындан тышкары, облустагы курулуш иштери боюнча төмөнкүдөй маалыматтар берилди:
- Жакынкы арада дагы 5 кабаттуу 5 үй курула баштайт;
- Учурда Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган 5 кабаттуу 10 үй даяр болуп калды.

