Этникалык кыргыздардын Кыргызстанда жүрүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилди


ТИМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда этникалык кыргыздар болгон чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө жүрүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилди. Жаңы эрежеге ылайык, жүрүү мөөнөтүнөн өтүп кеткен же документтерин өз убагында бүтүрбөгөн этникалык кыргыздарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө Кыргызстанга бир жолу кирүү укугу берилет.

Андан кийин алар 30 жумушчу күндүн ичинде өзүнүн укуктук макамын легалдаштырууга тийиш. Министрлик бул өзгөртүүлөр миграциялык процесстерди жөнгө салууга жана мыйзамдаштыруу механизмдерин иретке келтирүүгө багытталганын билдирди, ал эми токтом расмий жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирет.