Кене быйыл эрте баш көтөрдү, этият болуңуз


Санэпидкөзөмөл департаменти быйыл күн жылуу болгондуктан кене эрте “ишке киришкенин” эскертти. Алар адатта апрель аягы-майдын башында күчүнө кирет.

2026-жылы сезон башталгандан бери кене чаккан 17 учур катталган. Андыктан тоо койнунда эс алууга барсаңыз, түстүү кийим кийип, шымданып жүргөнүңүз оң.