Кыргызстандын Ирандагы элчилиги өз ишмердүүлүгүн убактылуу токтотту


Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Ведомство азырынча Иранга барбай турууга чакырды. Ал эми Иранда жүргөн Кыргызстандын жарандарына эл көп топтолгон жерлерден жана кооптуу аймактардан алыс болуп, жергиликтүү бийлик органдарынын талаптарын так аткаруу керектигин эскертти.
Ар дайым өздүгүн тастыктаган документтерди жанында алып жүрүү жана расмий билдирүүлөрдү кылдат көзөмөлдөө зарылдыгы кошумчаланды.
ТИМ ошондой эле өзгөчө кырдаал жаралса коңшу өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөргө кайрылса болорун эскертти.
Консулдук департамент (күнү-түнү):
+996 999 312 002, E-mail: dks@mfa.gov.kg
Кошумча байланыштар:

Азербайжандагы элчилик — +994 993 312 312, +994 12 505 56 74, +994 55 750 53 01;

Армениядагы консул — +374 91 919191;

Түркиядагы элчилик — +90 312 491 35 06, +90 545 689 68 00;

Түркмөнстандагы элчилик — +993 12 48 22 95, +993 12 48 22 96, +993 65 69 40 59;

Афганстандагы элчилик — +93 77 9099326, +93 77 9099326, +93 77 654 4504 (WhatsApp).