“Ала-Арчада” сейрек кездешүүчү жаныбарлар жана өсүмдүктөр бар


“Ала-Арча” жаратылыш паркынын директору Кубанычбек Жекшенбеков  парктын аймагында жашаган жаныбарлар жөнүндө айтып берди.

Ал паркта эчки, жапайы каман, элик, түлкү, сүлөөсүн жана бүркүттөр жашай турганын билдирди. Өткөн жылы күрөң аюулардын кездешүүсү катталган.

Ошондой эле паркта сейрек кездешүүчү, жоголуп бара жаткан иридодиктиум өсүмдүгү да өсөт.