Бишкекте шорпо ичип жатып сөөк жутуп алган балага оор операция жасалды


Алгач 15 жаштагы өспүрүмгө шаардын эки ооруканасында операция жасаганга аракет кылып, бирок майнап чыккан эмес. Аягында бала №3 балдар ооруканасына жаткырылып, операцияга 5 күн даярдалган. 10дон ашык дарыгер катышкан операция ийгиликтүү өтүп, өлчөмү 3,5×4 см сөөк кызыл өңгөчтөн чыгарылды.