1-апрелде Centrum Air авиакомпаниясы Ташкент — Ош багыты боюнча түз аба каттамын ишке киргизди. Алгачкы рейс менен Ош эл аралык аэропортуна 95 жүргүнчү келди, деп билдирди шаар мэриясы.
Буга чейин Ташкент менен Оштун ортосунда түз авиакаттам болгон эмес. Эми каттамдар жумасына эки жолу — шаршемби жана ишемби күндөрү аткарылып, учуунун узактыгы 1 саат 10 мүнөттү түзөт.

