Бүгүн, 2-апрелде, Бишкектин Биринчи май райондук соту «Кыргызнефтегаз» ААКтагы коррупция иши боюнча шектелип кармалган Байгазы Матисаковду тергөө абагынан бошотту. Маалыматка караганда, буга тергөө менен түзүлгөн келишим негиз болгон.
Матисаков март айында дагы үч шектүү менен кошо кармалган. ИИМдин маалыматына ылайык, кылмыш иши Мамлекеттик салык кызматынын иликтөөсүнүн негизинде козголуп, ишканада күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуудагы коррупциялык схемаларга байланыштуу экени айтылган.

