Адылбек Касымалиев Азербайжандын башчысы Ильхам Алиев менен жолукту


Кыргызстандын Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары жана вице-президенттери менен бирге Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолукту. Жолугушууда ал Кыргызстан Азербайжан менен бир туугандыкка жана өз ара урматтоого негизделген мамилелерди жогору баалай турганын белгиледи.

Касымалиевдин айтымында, бул жолугушуу ТМУнун алкагында практикалык кызматташууну тереңдетүүгө умтулуу бар экенин дагы бир жолу көрсөттү. Ал ошондой эле соода, транспорт жана логистика тармактарындагы биргелешкен долбоорлор эки өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө мындан ары да өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.