Дүйнөгө белгилүү Bulgari компаниясы 50 кыргызстандыкты зер буюмдарынын дизайнына окутууну пландап жатат. Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов айтып, бренд өлкөдө алтынды жөн гана иштетпестен, даяр зер буюмдарын чыгарууга кызыгып жатканын билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда зергерлер үчүн жеңилдиктер түзүлгөн: алтындын баасы арзандатылган, жабдуу алууга 6 пайыздык жеңилдетилген насыя берилет жана салык ставкасы 0,25 пайызды түзөт. Ушул шарттар киргизилгенден кийин 16 млрд сомдук көмүскө алтын легалдаштырылганы айтылды.

