Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жамааты 31-марттан 2-апрелге чейин Ташкент шаарында өнөрлөрүн тартуулашты.
Спектаклде Төрөкул Айтматов жана анын өмүрлүк жары Нагима Айтматованын тагдыры, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун инсандык калыптануу жылдары чагылдырган. “Акыркы кат” – жазуучу Кайрат Иманалиевдин калемине таандык. Ал эми режиссеру – Уланмырза Карыпбаев.

