Бишкекте милицияга борбордо иштеп жаткан бангладештиктер арызданган. Алар 23 жаштагы мекендеши акчаларын мекенине жеткирип берүүнү убадалап, бирок алдап кеткенине даттанышкан. Чет элдик кымырып алып койгон каражат 1 миллион сомдон көбүрөөк экенин айтышты.
Козголгон иштин негизинде шектүү катары И.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

