Кыргызстан Брюсселдеги сотто «Бакай Банктын» иши боюнча жеңишке жетти — Аскат Алагозов


Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдиргендей, Брюсселдеги сот «Бакай Банкка» карата күмөндүү операцияларга тиешеси бар деген айыптоолорду негизсиз деп тапты. Анын айтымында, банк поляк-бельгиялык Open Dialogue Foundation өкмөттүк эмес уюмуна каршы ишти утуп алды.

Алагозов белгилегендей, сот фондду талаштуу материалдарды өчүрүүгө, чечимдин текстин сайттын башкы бетине жайгаштырууга жана сот чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттендирди. Ал бул чечим Кыргызстан ата мекендик бизнестин кызыкчылыгын чет элдик юрисдикцияларда коргоого даяр экенин көрсөтөрүн кошумчалады.