Айыл чарба министрлигине 63 даана атайын техника тапшырылды


Бүгүн, 8-апрелде өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине 63 даана атайын техниканы өткөрүп берди. Анын 40ы республикалык бюджеттин эсебинен 128 млн сомго сатылып алынган, дагы 23ү эл аралык институттардын колдоосу менен берилген.

Бул техникалар райондук суу чарба башкармалыктарына бөлүштүрүлөт. Өкмөт ошондой эле 2030-жылга чейин 200 миң гектар жерге тамчылатып сугаруу системасын киргизүү, ал эми 2026-жылы 5270 гектар аянтка тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын орнотуу пландалып жатканын билдирди.