2026-жылдын 7-8-апрель күндөрү Ысык-Көл облусунда КР УКМК тарабынан расмий дин өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү жана профилактикалык иш-чарасы уюштурулду. Жыйынга буга чейин өздөрүнүн туура эмес идеологияларынан баш тарткан «Йакын Инкар» диний-экстремисттик агымынын 80ден ашык мурдагы мүчөсү чакырылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга ишенимдүү калк арасында жикчилдикке жол бербөө жана Ислам дининин салттуу Ханафи мазхабы менен Матурудий акыйдасынын нормаларын кармануунун маанилүүлүгү кеңири түшүндүрүлдү. Ошондой эле, Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын (муфтият) талаптарына баш ийүү зарылдыгы өзгөчө белгиленди.
Мындай иш-чаралар аймактагы диний кырдаалды турукташтыруу жана жарандардын салттуу эмес агымдарга кайрадан азгырылуусунун алдын алуу максатын көздөйт.

