Таластагы медициналык колледжде 14 жыл бою иштебей айлык алып жүргөн кызматкер аныкталды


УКМК тарабынан жүргүзүлгөн пландуу иш-чаралардын алкагында мамлекеттик мекемеге жасалма түрдө жумушка орношуу фактысы аныкталды.

Маалым болгондой, Талас шаарынын тургуну П.Е.Т. 2012-жылдан бери 2026-жылдын мартына чейин Талас медициналык колледжине кызматкер катары катталган. Бирок ал расмий түрдө кызматка дайындалган учурдан тартып иш жүзүндө өзүнүн эмгек милдеттерин такыр аткарган эмес. Ошого карабастан, аталган мезгил ичинде жасалма толтурулган иш убактысын эсепке алуу табелдеринин негизинде ага үзгүлтүксүз эмгек акы чегерилип келген.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголду. Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында мамлекетке келтирилген алдын ала зыяндын көлөмү 1 миллион 492 миң 335 сомду түздү.

Учурда бул иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар башка тараптарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.