КР УКМК жетекчилиги тутумду тазалоо, ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү саясатынын алкагында кадр курамын активдүү тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул чаралар кыянаттык менен пайдалануунун бардык түрлөрүн четтетүүгө, эффективдүү түзүмдү калыптандырууга, ошондой эле бизнестин жана коомдун мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган. Кампания коррупциялык иштерге аралашкан жана бизнеске мыйзамсыз басым жасаган кызматкерлерди аныктоону жана кызматтан четтетүүнү көздөйт.
УКМКдагы жана башка мамлекеттик органдардагы системалуу коррупцияны кыскартуу жана туруктуу коррупциялык механизмдерди жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, УКМК кызматкерлеринин, башка кызмат адамдарынын жана үчүнчү жактардын катышуусундагы коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Мамлекеттик комитеттин иштеп жаткан кызматкерлери тарабынан ишкердик субъекттеринен системалуу түрдө акча талап кылуу фактылары аныкталган.
Буга байланыштуу, кылмыш ишинин алкагында 2026-жылдын 9-апрелинде КР УКМКнын иштеп жаткан кызматкерлери А.К., А.А.Б. жана К.Д.К. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Алар менен катар эле, мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар деп ишкердик субъекттерин текшерүүгө алган мамлекеттик органдардын кызматкерлери — С.У.Ж., О.Г.И. жана К.У.Н. кармалды.
Учурда катардагы таза эмес кызматкерлерден арылууга өзгөчө басым жасалууда. Мындан сырткары, мурда тартип бузганы үчүн кызматтан бошотулган адамдарды укук коргоо органдарына кайра жумушка алууга тыюу салуу чаралары каралып жатат. КР УКМК улуттук коопсуздук органдарынын кадыр-баркына жана репутациясына шек келтирген кызматкерлерди аныктоо, бөгөт коюу жана жоопкерчиликке тартуу багытындагы иштерди туруктуу негизде улантат.

