Бүгүн Президент Садыр Жапаров Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Ак-Буура дарыясын тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 22 атайын техникалар бөлүнгөн.
Бүгүнкү күндө дарыянын нугунан 323 510 тонна таштанды чыгарылды.
Жыйынтыгында Ак-Буура дарыясынын 17 чакырым аралыгы таштандылардан толук тазаланып, тийиштүү тартипке келтирилет.


