Боомдо кооптуу таштар түшүрүлүп, жол жарым-жартылай жабылат


13-апрелден 17-апрелге чейин (аба ырайын эске алганда) Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында, Боом капчыгайынын аймагында кооптуу таштар түшүрүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул убакта жол жарым-жартылай жабылат.

Иштер саат 10:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда унаа кыймылы бир тилкеге багытталат.

«Эгерде 30-40тан ашык унаа топтолсо, таш түшүрүү иштери токтотулуп, унаалардын өтүшүнө жол ачылат», — деп белгилешти ишканадан.