Тагдыр: Катты карасам баарыбыз тааныган эле аттуу-баштуу чиновник экен…


Мен сиздердин сайттан ар кимдин ар түрдүү тагдырларын окуп жүрүп, өзүмдүкүн да жазып, кеңеш сурагым келди.

Жаштайыман жокчулук эмне экенин жакшы билип чоңойдум, анын үстүнө үйдүн улуусу болгонум үчүн апама жардамдашып, менден кийинки бир туугандарыма каралашып жүрүп, түйшүк дегенден аябай тажагам. Апам болсо биз кичинекей кезибизде эле ажырашып кетип, андан кийин башка бир байке менен жөн эле жашап жүрдү. Үйдө көп учурда жок болчу, бар болгон күнү деле караанын эле көрчүбүз. Ошентип тиги байке апамды бат эле таштап кетти. Күйүтүнө чыдабаган апам ичкиликтин түбүнө түшүп, кудайдын куттуу күнү иче турган болду.

Бир туугандарды багуу милдети мага жүктөлдү. Жаныбыздагы тигүү цехке иштемей болдум, анткени ал цехтин технологу менен мамилебиз жакшы болчу. Ал да мени аяп, көп учурда жардамын берип жүрдү.

Бир күнү ошол эже менен ээрчишип барып, топтогон айлыгыма телефон алып салдым. Тиги эженин сунушу менен социалдык баракча ачып, кооз сүрөттөрүмдү жүктөй баштадым.

Демейде сулуулук менен жаштык бардык эле эркектин көзүн күйгүзүп, ошол сулуулук үчүн көп эркек үй-бүлөсүнөн баш тартып жатканын тиги эже айтып, мени дагы байлыгы бар, акчалуу эркек болсо мамиле куруп ал деп кеңешин айтты. Ошондон баштап жакшы жашоо үчүн жеңил жолду тандай баштадым. Мага жазган жигиттерди да байлыгына карап ылгап, кай бирине жооп берсем, кээ бирөөсүн көзгө илбей жүрдүм.

Жанымдагылардын “Сен сулуусуң, фигураң сонун, көздөрүң өзгөчө” деген сөздөрү мага шык берип, өзүмө деген ишеним ойгонду. Мен эми өзүмдүн кара башымды ойлоп калдым. Мурда бир туугандарым эмне болот, апам кантип соолугат, кантип күн өткөрөбүз деп ойлонуп жүрсөм, эми апам ойлобогон балдарды мен эмнеге карашым керек дей баштадым. Технолог эже 3-4 кызга өзүнүн кеңешин берип, баарыбызды “өзүңөргө ишенгиле, сулуу болуп жүргүлө, өзүн карабаган аялды эч бир эркек карабайт” деп тизгиндеп турчу.

Мен болсо тапкан акчамдын азын апама кетирсем, көбүн өзүмө сарптап жүрдүм.

Бир күнү телефон чукулап отурсам, смс келип калды. Карасам баарыбыз тааныган эле аттуу-баштуу чиновник экен. Менден 20-25 жаш улуу, өзүн тыкан алып жүрөт, ишенимдүү, харизмасы дагы бар. Көргөн көзүмө ишенбей, окуп коюп эмне деп жазышты билбей отурдум. Көп өтпөй кайра эле “Жолугуп, чай ичкенге кандай карайсың, карындаш” деп жазды. Атайын 10 мүнөттөй күттүрүп, анан гана акырын үнкат жөнөттүм. Назданган айымдардын эркекке жагаарын жакшы билем, мен да назданып сүйлөдүм.

Ал киши экөөбүз социалдык тармактан күн алыс баарлашып, ал-абалды сурашып, анын каттарын кадимкидей күтүп калдым. Баракчасын карасам үй-бүлөсүнүн бир дагы сүрөтү жок экен, аялы жок дейин десем бардай сезилди. Баарына кайыл болуп, жолугушууга даярдандым. Атайын сулуулук салонуна барып, чачымды жасатып, өзүмө жарашкан кыска гүлдүү көйнөгүмдү кийип, ал күтүп отурган ресторанга кирдим. Эч ким көрбөгөн, кабинкасы бар тынч жерде жолуктук. Башта өзүмдү ыңгайсыз сезип жаткам, кийин ал байкенин сөздөрү мага ишеним берип, тынчталып, анын толкунуна түшүп, бирден шарап ичкенден кийин эркин сезип калдым. Анын эркелетип сүйлөгөнү, мага жылуу сөздөрдү айтканы мени асманга чыгарып жаткандай туюлду. Бакыт деген ушул окшойт деген да ой келди. Көрсө, жаш жигиттерге караганда улуу байкелер менен сүйлөшкөн мага алда канча ыңгайлуу экен. Тынч бөлмөдө ал байке менен баарлашып отуруп, бир коньякты ичип койгонубузду байкадым. Өзүмдү дендароо сезип, уйкум келип баштаганда тиги байке мени башка жакка чакырды. Мен үйгө кетишим керек дегениме көнбөй, шаардагы мейманканалардын бирине кеттик. Сыртымдан каршы болсом дагы, ичимде чогуу өткөргөн мүнөттөргө ыраазы болуп, кубанып жаттым. Ошентип, мейманканага да кирдик. Буга чейин башка эркек аттуу менен болбогонумду айтсам, кулагыма сонун сөздөрдү шыбырап, төшөккө алып кирип жаткырды. Анын жылуу сөздөрүнө эрип, өзүмдү жоготуп бараттым…

Эртеси түштөрдө көзүмдү ачсам, тиги байкем ордунда жок экен. Мээм чайпалып, өзүмдү карасам энеден туума жылаңач жатыптырмын. Башым айланып барып, сууга түшүп, өзүмө келип үйгө кеттим. Тиги байкеге жолдо бара жатып чалсам алган жок. Кийин өзү “Кичинекейим, рахмат сага, кечинде чалам” деп смс жазды. Ошол катты окуганыма сүйүнүп жүрдүм. Кечинде күттүм, бирок эч кандай чалуу да, жазуу да болгон жок. Мен аны издей баштадым. Бирок, араң бир жума дегенде өзү чалып, командировкалап чет жакка чыгып кеткенин айтты.

Келген күнү кайрадан жолуктук, кайрадан ошол ырахатты сездим, кайрадан бактылуу болдум. Ошентип, күн алыс ал байке менен жолугуп жүрдүм. Аябай жакшы колдоо кылды, шаардан бир батир алып берди. Апамдарды конушта жашаган батиринен көчүртүп алып, ошол үйгө алып келдим. Өмүрүмдө апама кылган эң чоң жакшылыгым ушул болду окшойт. Мен карабай кеткенден кийин апам бир аз өзүнө келип, бир туугандарымды карай баштаптыр, аны көрүп аябай сүйүндүм. Кайдан акча таап, кантип мындай үй алдың деп деле эч ким сураган жок, мен да ошого ыраазы болуп, өз жашоом менен алек болуп жүрө бердим.

Тиги байке күндө жардамчыларынан гүл, белектерин берип, көңүлүмдү көтөрүп жатты. Өзүм менен жолукканда акчалай белек кылып, эч нерседен кем кылбай жүрдү. Кезинде мен ушуну кыялдангам го, ошол кыялдарым аткарылды.

Бирок, акыркы кездери жолугушсак дагы мага мурдагыдай жылуу карабай, жагымдуу сөздөрүн арнабай калды. Көрсө башка дагы “курмандык” таап алганын билдим. Аны мен уктап жаткан учурда келген билдирүүдөн окуп калдым. Ошондо гана телефонун аңтарып, эмне болгон кыз экенин таап чыктым. Мен болгону 25 жашта болсом, сүрөттөгү кыз менден да жаш экен. Отуруп алып тиги кызга толтура смс жазып, экөөбүздүн жаткан сүрөтүбүздү тартып жөнөтүп да салдым. Бир чети отуруп алып, аялы бар адамды башка кыздан эмнеге кызганып жатам деп да ойлондум. Бирок жүрөгүмө эч бир сөз жеткире албай, кызганычтан улам ошол мейманкананын бир бурчунда ыйлап отурдум. Эртеси таң атпай тиги байке ойгонду, мени көрүп чочуп кетти, анткени мен түнү бою уктаган эмесмин. Дароо тиги кыздын катын окутуп, жемелеп кирдим. Ал болсо ашыкча сөз сүйлөбөй чыгып кетти. Ошол боюнча көп жазбай, чалбай, жолугушууга да чакырбай калды. Ичимде анын тиги кыз менен жолугушуп жүргөнүн элестетип, ачууланып, кызганып, жаман болуп жүрөм.

Азыр эмне кылышымды билбей жатам. Ушул жакта отурган эжекелер, кандай кеңеш берет элеңиздер?

Автор: Асель Жаныбек

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.