Бишкектеги «Манас» университетинин студенттери Жал кичи районунда жаңы жол ачуу демилгесине каршы чыгып жатышат.
Буга чейин Бишкек шаардык мэриясы университеттин аймагы аркылуу жаңы жол ачуу сунушун көтөргөн. Аталган демилге Минжылкиев көчөсүн ачууга байланыштуу экени белгиленген.
Студенттер бул демилгеге коопсуздук жана экологиялык себептерден улам каршы экенин билдирип, петиция чогулта башташкан. Учурда ага миңден ашуун студент кол койгону маалым болду.
Учурда бул тема социалдык тармактарда кеңири талкуу жаратып, коомчулуктун көңүл борборунда болууда.

