Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирет.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде Сокулук райондук милициясына Р. А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Жабырлануучунун арызында үстүбүздөгү жылдын 15-февралында чала таанышы анын баасы 3 853 000 сомду түзгөн төмөнкү мал жандыктарын карызга алып кеткени айтылган:
- 39 баш кой;
- «Арашан» тукумундагы 1 баш кой жана эгиз козусу;
- 5 жаштагы 1 карагер айгыр.
Мындан соң шектүү убада кылган акчасын төлөбөй, уюлдук телефонун өчүрүп, изин жашырып жүргөн. Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») негизинде кылмыш иши козголгон.
Милиция тарабынан шектүү катары 1984-жылы туулган Ж. Н. аныкталып, кармалды. Ал Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда шектүүнүн Чүй облусунун аймагында ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу текшерилүүдө. Тергөө амалдары уланууда.
«Эгерде сүрөттөгү же аталган жарандын аракеттеринен жабыркагандар болсо, төмөнкү номерлер аркылуу байланышууну суранабыз: 0313 45 33 80 же Сокулук РИИБге кайрылыңыздар», — деп айтылат маалыматта.

