14-апрелге карата аба ырайы


Бүгүн аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 21…26, Талас өрөөнүндө 20…25, Талас облусунда 19…24, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 22…27, Ысык-Көл чөлкөмүндө 13…18, Нарын жеринде 14…19 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 23…25, Ош шаарында 25…27 градусту түзөт.