Бишкекте “Биримдик кербени” маданий долбоору ачылат


Бишкекте “Биримдик кербени” маданий долбоору ишке ашууда. Ал Кыргызстандын аймактарын бириктирип, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү максатын көздөйт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Бул демилге улуттук биримдиктин, салттарды улантуунун жана руханий жаңылануунун символу катары сыпатталууда.

Учурда долбоорго катышуучу “Баатырлар” жана “Элчилер” тандалып жатат — алар спорт, маданият жана коомдук жашоого салым кошкондор. Ошондой эле ыйык булактар тандалып, алар долбоордун башталыш чекити болот.

Долбоордун негизинде Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан чогултулган ыйык суу бириктирилип, салттуу “Көөкөргө” куюлат. Бул биримдиктин жана салтка урматтын символу катары көрсөтүлөт.

Бишкекте сууну сактоочу атайын инсталляциялар да орнотулат. “Биримдик кербени” — элдин биримдигин, маданиятты жана тарыхты сактоонун символдук жолу катары негизделет.