Маданият министрлиги “Өч 2” тасмасын прокаттан алды


Мекеме аталган көркөм тасманы атайын комиссия талдап, анда зомбулук, ырайымсыздык жана коомдук-адептик нормаларга каршы келген көрүнүштөр көп экенин белгиледи.

“Тасмада позитивдүү социалдык баалуулуктарды жайылтуу, зомбулукту айыптоо же тарбиялык маанини берүүчү элементтери жетишсиз. Комиссиянын корутундусуна ылайык, аталган тасманын мазмуну коомчулукта терс реакция жаратып, айрыкча жаштар аудиториясына терс психологиялык жана моралдык таасир тийгизүү коркунучу бар”, — деп жазылган.

Ушуга байланыштуу “Кыргызтасмасы” мекемесинин директору Алмаз Тулекеев иштен алынганы кошумчаланды.