«Ред Петролеум» май куюучу жайлар тармагынын ээси кармалды


Red Petroleum май куюучу жайлар тармагынын башкы директору Акылбек Маматов кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, кечээ, 13-апрелде Аскер прокуратурасынын кызматкерлери Red Petroleum компаниясынын жетекчиси Акылбек Маматовду кармашкан.